29/05/2026
МЕН ЧЕМПИОН
📢 "МЕН ЧЕМПИОН" республикалык оюндарынын облустук этабында НШБӨСМ спортчулары ийгиликтүү оюн көрсөтүүдө
Учурда Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында өткөрүлүп жаткан республикалык "МЕН ЧЕМПИОН" спорттук оюндарынын облустук этабы өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө.
Нарын облусунда бул ири спорттук мелдештер 2026-жылдын 25-майынан тартып өткөрүлүп, ага облус аймагындагы спорт мектептеринин жаш тарбиялануучулары катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө.
🏆 Нарын шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (НШБӨСМ) спортчулары да мелдешке активдүү катышып, төмөнкүдөй ийгиликтерди жаратышты:
🏀 Баскетбол боюнча 🥇 Балдар командасы — 1-орун
🥇 Кыздар командасы — 1-орун
🏐 Волейбол боюнча 🥇 Балдар командасы — 1-орун
🥇 Кыздар командасы — 1-орун
🤼 Грек-рим күрөшү боюнча 🥈 Командалык эсепте — 2-орун
🥊🎾 Алдыда бокс жана теннис боюнча мелдештер өтүп, спортчуларыбыздан дагы жакшы жыйынтыктарды күтүүдөбүз.
✅ Облустук этапта жеңишке жетишкен жаш спортчулар Жалал-Абад шаарында өтө турган республикалык финалдык этапка жолдомо алышат.
👏 Жаш спортчуларыбызды жана алардын машыктыруучуларын жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз! Алдыдагы мелдештерде дагы ийгиликтерди, бийик жетишкендиктерди жана жаркын жеңиштерди каалайбыз!
🇰🇬 Жеңишке умтулган жаштар — өлкөбүздүн келечеги! 💪🏆