31/08/2026
🇰🇬 ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮБҮЗ КУТ БОЛСУН!
Эгемендик — бизге оңой жол менен келген белек эмес. Ал — ата-бабаларыбыздын азаттык үчүн жүргүзгөн күрөшүнүн, төгүлгөн теринин, бекем эркинин жана Мекенге болгон чексиз сүйүүсүнүн ыйык жемиши.
Татамиде ар бир жеңиш үчүн күрөшөбүз. Жыгылсак — кайра турабыз, кыйынчылыкка туш болсок — багынбайбыз. Анткени чыныгы жеңиш күч менен гана эмес, сабырдуулук, тартип, эрк жана намыс менен келет.
Элибиздин эгемендик үчүн күрөшү да дал ошондой болгон. Ата-бабаларыбыз эркин жашоо, өз жерибизде өз тагдырыбызды өзүбүз аныктоо жана келечек муундарга көз карандысыз мамлекет калтыруу үчүн күрөшкөн.
Бүгүн биздин милдет — ошол эгемендикти көздүн карегиндей сактоо, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салым кошуу жана жаш муундарды Мекенди сүйүүгө, биримдикке, эмгекке жана намыскөйлүккө тарбиялоо.
Татамиде — жеңиш үчүн,
турмушта — келечек үчүн,
Мекенибиз үчүн — биримдикте күрөшөлү!
Кыргызстандын желеги ар дайым бийик желбиреп, элибиздин ынтымагы бекем, келечеги кең жана жолу жарык болсун!
31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү кут болсун!
Урматтоо менен,
«Дзигоро Кано» спорт клубу 🥋🇰🇬