11/11/2023
Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрынан 9-ноябрына чейин Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында спорттук мелдештер өтүп, анда түрк тилдүү мамлекеттердин спортчулары шахмат, стол тенниси, волейбол, дзюдо, кичи футбол, грек-рим күрөшү, эркин күрөш сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча күч сынашты. Бул Универсиадага Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана байкоочу өлкө Венгриядан 500гө жакын студент-спортчулар катышты.
Кыргызстандын спортсмендери ийгиликтуу чыгышты:
- Эркектер арасында футзал: 1-орун;
- Эркектер арасында волейбол боюнча: 3-орун;
- Волейбол боюнча кыз-келиндер: 2-орун;
- Грек-рим күрөшү: 1 алтын, 4 күмүш, 1 коло;
- Эркин күрөш: 1 күмүш, 2 коло;
- Дзюдо: 1 күмүш, 6 коло;
- Дзюдо боюнча кыз-келиндер курама командасы: 2 күмүш, 3 коло;
- Шахмат: 4 коло.
Жыйынтыгында Кыргызстан курамасы 28 медалга ээ болду.
Ошондой эле, Кезектеги III Түрк универсиадасынын желеги Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнө салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Мелдешке Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын спортчулары катышты:
- Б.Турусбеков атындагы Кыргыз дене тарбия – 31 студент-спортчу;
- атындагы КМТУ. Раззакова – 7 студент спортчу;
- Ош мамлекеттик университети;
- Кыргызстан эл аралык университети;
- К. Карасаева атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
- Туризм академиясы;
- Кыргыз улуттук агрардык университети;
- Кыргыз улуттук университети Ж.Баласагын;
- И.Арабаева атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
- Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
- Кыргыз-Өзбек университети;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы;
- Кантөрө Шарипович Токтомаматов атындагы Эл аралык университети.