08/07/2026
2026-жылдын 6 - июлунда Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, п.и.к., профессордун м.а. Тукеев Эрмек Мырзабекович «Манас» Улуттук академиясы (Бишкек, Кыргызстан), Эл аралык мамилелерди изилдөө боюнча CSIR борбору (Нью-Дели, Индия), Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчилиги жана Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте уюштурулган «Манас жана Махабхарата» эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун расмий ачылышына жана «Манас» эпосунун хинди тилине которулган китебинин бет ачарына катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, «Манас» Улугтук академиясынын «Манас-Махабхарата борбору» жана CSIR менен кызматташуу жөнүндө үч тараптуу Макулдашууга кол коюулду.
"Манас" жана "Махабхарата" Эл аралык цивилизациялык изилдөлөр борбору Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы илимий жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, эпикалык мурастарды салыштырмалуу изилдөө жана гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлдү.
Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын Макулдашууга кол коюудагы негизги максаты – Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы илимий, билим берүү жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, улуттук эпикалык мурастарды дене тарбия, спорт, улуттук оюндар жана салттуу маданият менен байланыштырып изилдөө, биргелешкен илимий долбоорлорду жана академиялык алмашууларды ишке ашыруу, ошондой эле студенттер менен окутуучулардын эл аралык кызматташууга катышуусун камсыз кылуу болуп саналат.
Мындан тышкары, КМДТжСАсы “Манас” академиясы үчүн бул кызматташтык төмөнкү багыттарда мааниге ээ:
• кыргыз жана индия элдеринин эпикалык мурастарындагы дене тарбиялык, аскердик жана руханий баалуулуктарды илимий жактан изилдөө;
• улуттук спортту, этноспортту жана салттуу оюндарды эл аралык деңгээлде таанытуу;
• биргелешкен конференцияларды, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү жана илимий экспедицияларды уюштуруу;
• окутуучулар, изилдөөчүлөр жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү;
• эл аралык гранттарды жана илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу;
• академиянын эл аралык өнөктөштүгүн кеңейтүү жана анын илимий аброюн жогорулатуу.